Редакцияот 28.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы шайланган) кезектеги алтынчы сессиясы

2017-жылдын 28-октябры № 6-5

“Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлердин базалык салык ставкаларын көтөрүү жөнүндө”

 Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлердин базалык салык ставкаларын көтөрүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” 337-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлердин базалык салык ставкаларын жерлердин топурагынын балл бонитетине карап көтөрүүгө макулдук берилсин.

2.    Айыл чарба багытындагы жерлердин топурагынын балл бонитетин аныктоо боюнча корутундуну Ош топурак агрохимстанциясынан алуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Назарбаев