Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-октябры № 6-6
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн стратегиялык планына ЭЭЗ маселеси кошулуп жаткандыгына байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн стратегиялык планына ЭЭЗ түзүү маселеси кошулуп жаткандыгына байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына жана 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн стратегиялык планына ЭЭЗ түзүү маселеси кошулуп жаткандыгына байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Таш-Булак участкасындагы таштак жайыт жерине инвестиция тартуу, ЭЭЗ га жогорку органдарга сунуш берүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Назарбаев |