Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-октябры № 6-8
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн карамагындагы ДТ-75 каз тамандуу тракторун айыл өкмөтүнү балансынан чыгаруу жөнүндө”
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн карамагындагы 1983-жылы чыгарылган мамлекеттик номери 435 ТRДА, техникалык паспорт сериясы АЖ № 001034, двигатель № 377349, шасси № 322018 ДТ-75 каз тамандуу тракторун айыл өкмөтүнүн балансынан чыгаруу жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн карамагындагы мамлекеттик номери 435 ТRДА ДТ-75 каз тамандуу тракторун айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарылсын.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн карамагындагы мамлекеттик номери 435 ТRДА ДТ-75 каз тамандуу тракторун айыл өкмөтүнүн балансынан чыгаруу боюнча тиешелүү документтерди бүткөрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |