Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-октябры № 6-9
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн балансындагы “Старекс” автомобилин “Барын”үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна пайдаланууга берүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн балансындагы “Старекс” автомобилин “Барын” үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун тез жардам бөлүмүнө пайдаланууга берүү жөнүндөгү айыл аймагындагы атуулдардын арыздарын канааттандыруу максатында жана жалпы элдик жыйындардагы сунуштарды эске алып, айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн балансындагы “Старекс” автомобили “Барын” үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун “Тез жардам” бөлүмүнө пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн балансындагы “Старекс” автомобилин “Барын” үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна “Тез жардам” унаасы катарында пайдаланууга берүү боюнча иш кагаздарын жана документин бүткөрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Назарбаев |