ТоктомКүчүндө

Кыргыз-Ата айылдык кенешинин 2017-жылдын 28-октябрындагы № 6-10 «Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген «Жылдызча-Нур» балдар бакчасына кошумча имарат куруу долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө» токтому

Редакция28.10.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы шайланган) кезектеги алтынчы сессиясы

2017-жылдын 28-октябры № 6-10

 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген “Жылдызча-Нур” балдар бакчасына кошумча имарат куруу долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө

 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнү н 2018-2020-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планында Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү “Жылдызча-Нур” балдар бакчасына кошумча имарат куруу пландаштырылган. Бул долбоор мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздук салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү “Жылдызча-Нур”балдар бакчасына кошумча имарат куруу үчүн мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  2.  “Жылдызча-Нур”балдар бакчасына кошумча имарат курууга даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 300 000 (ү ч жүз миң ) сом акча каражатын ажыратуу айыл өкмөтүнө  тапшырылсын.
  3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык кенештин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К. Назарбаев