Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-октябры № 6-11
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Т. Жамалов атындагы балдар музыкалык мектебинин эшик- терезелерин пластикке алмаштыруу долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө”
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планында Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Т.Жамалов атындагы балдар музыкалык мектебинин эшик- терезелерин пластикке алмаштыруу пландаштырылган. Бул долбоор мамлекеттик улуштук дем беруучу гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздук салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Т.Жамалов атындагы балдар музыкалык мектебинин эшик-терезелерин пластикке алмаштыруу үчүн мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Т.Жамалов атындагы балдар музыкалык мектебинин эшик- терезелерин пластикке алмаштырууга даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 76 822 сом акча каражатын ажыратуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |