КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы шайланган) кезектеги алтынчы сессиясы
2017-жылдын 28-октябры № 6-12
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген “Кызгалдак-Ак-Булак” балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттоо долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салымыүчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө ”
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планында Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү “Кызгалдак-Ак-Булак” балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттоо пландаштырылган. Бул долбоор мамлекеттикүлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануусуүчүн айыл өкмөтүнүн өздук салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү “Кызгалдак-Ак-Булак” балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттоо ү чү н мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. “Кызгалдак-Ак-Булак” балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттоо үчүн даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 300000 (үч жүз миң ) сом акча каражатын ажыратуу айыл өкмөтү нөтапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |