Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-декабры № 7-2
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык колдоо бөлүмүнө акча каражатын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык колдоо бөлүмүнө 2018-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү ” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз-Ата айыл кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына, 18-беренесинин 3-пунктына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык колдоо бөлүмүнүн чыгашаларына 701 бөлүм 2721 беренеге 250,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Назарбаев |