Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-декабры № 7-5
“Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө-Ак-Булак-Кыргыз-Ата жолун асфальттоого өздүк салым үчүн акча каражатын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө-Ак-Булак-Кыргыз-Ата жолун асфальттоого өздүк салым үчүн акча каражатын 2018-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү ” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз-Ата айыл кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына, 18-беренесинин 3-пунктына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө-Ак-Булак-Кыргыз-Ата жолун асфальттоого өздүк салым үчүн 706-29- бөлүм 3111 беренеге 1000,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Назарбаев |