Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-декабры № 7-6
“Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айылдарды таза суу менен камсыз кылууга акча каражатын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү ” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз-Ата айыл кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына, 18-беренесинин 3-пунктына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айылдарды жаңы долбоор ишке ашкан мезгилге чейин таза суу менен камсыз кылууга 704-91- бөлүм 2222- беренеге 100,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Назарбаев |