Редакцияот 20.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы шайланган) кезектеги жетинчи сессиясы

2017-жылдын 20-декабры № 7-13

“Кыргыз-Ата жайыт бирикмесинин 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Ата жайыт бирикмесинин 2018-жылга аткарылышы жөнүндөгү маселени мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктуна, Кыргыз Республикасынын «Бюджет Кодексинин» 102-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине ылайык депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кенеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1.     Кыргыз Ата жайыт бирикмесинин 2018-жылга бюджетинин кирешелери 410,0 миң сомго жана чыгашалары 273,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2.     2018-жылга Кыргыз Ата жайыт бирикмесинин бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгалашары боюнча багыттар

№ 1 тиркемеге ылайык аныкталсын

3.     Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К.Назарбаев

 

Депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кенешинин

(алтынчы шайланган) кезектеги жетинчи сессиясынын

2017-жылдын 20- декабрындагы №

7-13 токтомуна,  1-тиркеме

Кыргыз Ата жайыт бирикмесинин бюджетинин кирешелери жана чыгалашары (мин сом)

Жайыт ижарасы учун акы

410,0

Кирешелердин жыйынтыгы

410

Айыл чарбасы

273,3

Чыгашалар жыйынтыгы:

273,3

 

Кыргыз Ата  айыл окмотунун жооптуу катчысы

Ж.Нурматов