Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-февралы № 2
«Миң-Булак айылдык округунун айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө»
Жогоруда белгиленип өткөн Мин-Булак айылдык округунун айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Мищ-Булак айылдык округдук кещешинин V чакырылышынын жыйырма үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Миң-Булак айылдык округунун айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени 314665 сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.
-Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 198000 сом бөлүнсүн.
анын ичинен:
-айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 110000 сом;
-ар кандай чыгымдарга-88000 сом;
ТЖК бөлүмүнүн ар кандай чыгымдар статьясына 65765 сом;
-мектептин керектөөсүнө 20900 сом;
анын ичинен:
-иш сапар чыгымдарына-3900 сом;
ар кандай чыгымдарына 17000 сом;
Социалдык камсыздоо бөлүмүнүн ар кандай чыгымдары үчүн 30000 сом;
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү
Бакай-Ата райондук каржы бөлүмүнө сунуш кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрага | К.Кулукеев. |