Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-февралы № 6
«Миң-Булак айылдык округунун жайыт комитетинин 2012-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө»
Жогоруда белгиленип өткөн Мин-Булак айылдык округунун жайыт комитетинин 2012-жылга түзүлгөн бюджетин карап чыгып, депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын жыйырма үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Мал башына бир жылга төлөнүүчү жайыт акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.
Ири мүйүздүү мал-100 сом;
Кой-эчки, козу 20 сом;
Жылкы-100 сом;
3. Айыл ичиндеги жайыт жерлердин ижара акылары төмөндөгүдөй бекитилсин.
айдоо жери 500 сом гектарына;
саздар 300 сом гектарына;
4. Миң-Булак айылдык округунун аймагындагы жайыттарга башка айылдык
округдардын малы уруксатсыз түшсө:
ири малдарга (Уй, жылкы) 500 сомдон;
кой-эчкиге ар бир башка 10 сомдон айып салынсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жайыт комитетинин төрагасы Ш.Турдубаевге жүктөлсүн.
Төрага | К.Кулукеев |