Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-марты № 1
«Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2012-жылга жергиликтуу бюджетинин долбоору жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө»
Миң-Булак айылдык округдук кенеши , айыл өкмөтүнүн 2012-жылга бюджетинин долбоорун угуп, талкуулап чыгып 24-сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2012-жылга бюджетинин колому киреше,чыгашасы менен 9550,0 мин сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:
- Категориалдык грант – 7082,9 миң сом,
- Теңдөөчү грант --- 1383,2 миң сом,
- Иш берүү-р тараб.айлык акы-н
кармалуучу киреше салыгы --- 65,0 мин сом,
- Патенттик негизде алынуучу киреше салыгы --- 140,0 миң сом,
- Кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык ---- 8,9 миң сом,
- Транспорт ээлеринен алынуучу салык – 134,0 миң сом,
- Короо-жай жер салыгы – 102,5 миң сом,
- Айыл чарба жер салыгы – 408,3 миң сом,
- Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы ---30,0 миң сом,
- Сатуудан алынуучу салык ---- 105,0 миң сом,
- Роялти ---- 2,5 миң сом,
- КБФ ижара аренда акысы ---- 72,7 миңсом,
- Юст.орг.тарабынан кармалуучу мамл.алым --- 12,0 миң сом,
- Айып акылар,санкциялар,конфискациялар --- 3,0 миң сом.
Чыгашалар бөлүгү 9550,0 миң сом өлсөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча
бекитилсин:
1.Башкаруу аппаратына – 1372,9 миң сом,
2.Билим берүү бөлүмүнө– 7402,3 миң сом,
3.Социалдык коргоо болумуно – 50,0 миң сом,
4.ЖКХ бөлүмүнө – 402,3 миң сом,
5.Маданият бөлүмүнө– 222,5 миң сом,
6.Резервдик фонд ---- 100,0 миң сом,
2.2012-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын (эмгек акы, соц.фонд ж.б.).
3.Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы айылдык округдук Кеңештин сессиясына сунушталсын.
Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда кварталдан кварталга, разделден разделге, статьядан статьяга жылдыруулар айыл окмотунун финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айылдык округдук Кещештин токтомунун негизинде жүргүзүү жагы белгиленсин.
4.2012-жылдын 1-январына айылдык бюджеттин эсебиндеги кассалык акча жүгүртүү каражатынын көлөмү 2,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
5.Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын
14-декабрындагы Б-30/II буйругуна ылайык, 2012-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 60,0 мин сом озгочо кырдаал учун кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.
-Ошондой эле «КРнын бюджеттик укуктун негизги принциптери жонундо Мыйзамынын» 21-статьясынын негизинде 2012-жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн
1 %ынын эсебинен 40000 сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлүп ,айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
6.2012-жылдын бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүн Мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө (башчысы С.Токторалиевага) тапшырылсын.
7.Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, өткөн жылдардан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
8. Салык Кодексинин 197 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар алынсын.
Айыл чарба багытында эмес жер салыгын чегеруунун коэффициенти К1=1,0 болуп белгиленсин.
9.2012-жылдын бюджети боюнча айыл окмотуно тушуучу жергиликтуу киреше булактарынын жетишсиздигине байланыштуу билим беруу болумунун электро энергия чыгымы учун 2011-жылдан 1-январь 2012-жылга карызыбыз 215,5 мин сом,ал эми 2012-жыл учун 262,7 миң сом жалпысы 478,2 миң сом суммасында акча каражатын Республикалык бюджеттин эсебинен жаап беръъ жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын.
Ал эми мектептердин ремонтуна жана 1-4 класстардын окуучулары учун тамак-ашына каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
10.Жергиликтүү бюджетти колдоо ирээтинде Республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьялары (айлык акы,соц.фондко чегерүү ж.б.) жана коммуналдык чыгымдарды жабууга гана жумшалсын.
11.Эсептөөлөр боюнча 2012-жылы билим берүү бөлүмүнө 7965,6 миң сом суммасында категориалдык грант керек болсо , Каржы Министрлиги тарабынан 7082,9 миң сом сунушталган же 882,7 миң сом аз берилген.Андыктан , жыл ичинде жетпеген сумманы кошуп берүү жагы Министрликтен суралсын.
12.Жергиликтүү бюджеттин 2013-2014-жылдарга болжолу төмөндөгүдөй суммада белгиленсин.
а).2013-жылга,бюджеттин көлөмү (киреше,чыгашасы менен) - 10419,8 мин сом
анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегеруусу - 1055,4 мин сом
категориалдык грант - 7965,6 мин сом
тендөөчү грант - 1398,8 мин сом
б) 2014-жылга,бюджеттин көлөмү (киреше,чыгашасы менен) - 10440,9 мин сом
анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегерүүсү - 1065,0мин сом
категориалдык грант - 7965,6мин сом
тендөөчү грант - 1410,3 мин сом
13.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдук кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Ормотоев |