МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-апрели № 5
“Миң-Булак айыл өкмөтүнүн ар кандай каражатына каралган суммадан капиталдык ремонтуна үлүштүк түрткү берүүчү грантка өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын жыйырма төртүнчү сессиясынын төрагасы К.Кулукеевдин маалыматтык борборду капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Миң-Булак айыл өкмөтүнүн маалыматтык борборун капиталдык ремонттон өткөрүү иши максаттуу жана зарыл экендиги белгиленсин.
- Маалыматтык борборду капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун сметасы жалпы суммасы 2728665 сомду түзүлгөндүгү белгиленсин.
- Мындагы өздүк салымга тиешелүү сумма (10%) 273000 сомду түзүп, анын ичинен нак акча түрүндө136500 сому төмөнкү киреше булактарынын эсебинен; өткөн 2011-жылдын бюджетинин чыгашасынан ашкан киреше калдыгынан 110000 сом, демөөрчүлөрдүн эсебинен 26500 сом бөлүнүп берилсин.
Өздүк салымдын калган 136500 сомдук материал түрүндө жана эмгек ресурсу аркылуу камсыз кылуу милдети айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Токторалиевага милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Табылдиевге жүктөлсүн.