МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-августу № 4
“Темиралиева Салтанаттын үй-бүлөсүнө үлүшкө жер берүү жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын жыйырма бешинчи сессиясы, жогорудагы айтылган маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Темиралиева Салтанаттын үй-бүлөсүнө үлүш жер берүү жөнүндөгү 2008-жылдын 21-октябрындагы № 589 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн келген токтомго байланыштуу 4 (төрт) жанга тиешелүү 1,0 га үлүш жери №532- жер контурунан бөлүнүп берилсин, 3(щч) жылдан кийин 2015-жылдын күз мезгилинде КБФ нын жерлеринин ижара мөөнөтү бүткөн кезде берилсин.
- Жерге жеке менчик укугу тууралу күбөлүгүн даярдап берүү жагы Бакай-Ата райондук Мамкаттоосунан суралсын.
- Токтомдун аткарылышын козомолдоо жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына жуктолсун.