МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-августу № 7
“Миң-Булак айылдык округдук Кеңешин кайрадан атоо, регламентин кабыл алуу жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө”
Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 21,31 жана 65-беренелеринин негизинде Миң-Булак айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Миң-Булак айылдык округдук кеңеши, Миъ-Булак айылдык аймактык кеңеши болуп кайрадан аталсын жана регламенти жаңы редакцияда кабыл алынсын.
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин толук аталышы:
-Мамлекеттик тилде: Талас облусунун Бакай-Ата районунун “Миң-Булак айылдык аймактык кеңеши”.
-Расмий тилде:”Мин-Булакский айыльный аймакский кенеш” Бакай-Атинского района Таласской области.
2.Миң-Булак айылдык аймактык кеңеши тийиштүү мамлекеттик органдардан кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин катчысы А.Акматовага милдеттендирилсин.
Кеңештин чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарда белгиленген учурларда, ке1ешти кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | К.Кулукеев |