Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-декабры № 3
«Республикадан каржыланган теңдөөчү гранттын акча каражатынан мектептин электр энергиясына которуп берүү жөнүндө»
Айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиеванын билдирүүсү боюнча 2012-жылдын январь-февраль айындагы маданият бөлүмүнүн эмгек акысына каралган 21,6 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилген.Ошол себептен жыл ичинде келген теңдөөчү гранттан 21,6 сом акча каражаты калып калган. Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын экинчи сессиясы аталган маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жыл ичинде келген теңдөөчү гранттан 21,6 сом акча каражаты мектептин электр энергиясы үчүн которулуп берилсин.
2. Акча каражатын мектептин электр энергиясына которуп берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы С.Токторалиевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |