Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-декабры № 5
“Курулуш короосунун жеринин багытын өзгөртүп (трансформациялап) берүү жөнүндө”
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отузунчу сессиясы, Миң-Булак айылынын тургуну Ордобаев Жалгасындын “Курулуш короосунун жеринин багытын өзгөртүп (трансформациялап) берүү жөнүндө” арызын карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айылынын тургуну Ордобаев Жалгасындын арызынын негизинде Ордобаев Садыбакастын наамына катталган (мамлекеттик Акт серия Ч №506090) курулуш короосунун айыл чарба багытында эмес 5265 м жеринин, 5000 м2 жерин, ишкананын иштебей токтогондугуна байданыштуу, өздөштүрүп, көп жылдык бак дарак отургузуп, жашылдандыруу максатында турак-жай куруу багытына которуп (транцформациялап) берилсин жана 265 м2 жери өндүрүштүк багытта калтырылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын берүү жагы айыл өкмөттүн жер адиси Н.Шадыбековага жүктөлсүн.
3. Тиешелүү салыктарын эсептөө жагы айыл өкмөттүн киреше боюнча жетектөөчү адис Б.Султанкуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |