Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-октябры № 4
“Миң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын жылдыруу жөнүндө”
Жогорудагы белгиленип өткөн Миң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын жылдыруу жөнүндөгү маселени карап чыгып , талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин чакырылышынын отуз жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Миң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралган башкаруу аппаратынын мүлктү учурдагы оңдоо статьясынан 65,0 миң сом, жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башка иш чаралар бөлүмүнүн ар кандай чыгымдар статьясынан 30,0 миң сом, жалпысы 95,0 миң сом акча каражаты төмөндөгү бөлүмдөргө жылдырылып берилсин:
- Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата аппарат кызматкерлерине бир жолу берилүүчү компенсация катары 2215 (ар кандай чыгымдар) статьясына 15,0 миң сом;
- ТЖК бөлүмүнүн 2215 (ар кандай чыгымдар) статьясына 50,0 миң сом;
- Билим берүү бөлүмүнө 30,0 миң сом ;
анын ичинен:
- ар кандай чыгымына – 5,2 миң сом;
- имарат жайларды учурдагы оңдоо чыгымына 24,8 миң сом.
2.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын жылдырып берүү жагы Бакай-Ата райондук каржы бөлүмүнө сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |