Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-октябры № 6
“Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү, маалыматын угуу жана жайыт жерлерди кароо жөнүндө”
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отуз жетинчи сессиясы, жайыт комитетинин бюджетин бекитүү, маалыматын угуу жана жайыт жерлерди кароо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2016-жылга бюджетти төмөндөгүдөй бекитилсин.
Жайыт комитетинин 1 жылдык бюджети 101100 сом;
Жайыт комитетинин төрагасынын айлык акысы айына 4000 сомдон, бир жылга 48000 сом;
Бухгалтердин айлык акысы айына 1000 сомдон, бир жылга 12000 сом;
Ишканадан камсыздандыруу үчүн төлөм 17,25%-10350 сом;
Жайыт комитетинин инфраструктурасын жакшыртууга-16173 сом;
Жайыт салыгы-11 544 сом;
Сатуудан түшкөн салык-3033 сом;
Жакынкы жайытка (Эчкилиге) мал башына (кой, эчки) 10 сомдон;
Алыскы жайытка (Күмүштак) мал башына (кой, эчки) 10 сомдон;
Жылкы, эшек ар бир башына 100 сомдон;
Уй, топозго ар бир башына 100 сомдон;
Саздар жана көрктөндүрүүгө берилген жерлердин жайыт акысы гектарына 1000 сом бир жылга;
Жайыт билети жок кирген малга айып:
Уй, жылкынын бир башына 100 сомдон ;
Кой-эчкиге бир башына 10 сомдон;
2.Жайыт жолдорун оңдоого катуу көңүл бурулсун.
3. Жайыт комитетинин төрагасы Ш.Турдубаевдин маалыматы эске алынсын жана аткарган иши канааттандыраарлык деп белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |