Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-ноябры № 1
“Миң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын жылдыруу жөнүндө”
Жогорудагы белгиленип өткөн Миң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын жылдыруу жөнүндөгү маселени карап чыгып , талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин чакырылышынын отуз сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Миң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралган башкаруу аппаратынын электр энергиясына акы статьясынан 13,0 миң сом, ТЖК бөлүмүнүн имараттар жана курулуштар статьясынан 51,0 миң сом, маданият бөлүмүнүн мүлктү учурдагы оңдоо статьясынан 30,0 миң сом , билим берүү бөлүмүнүн таш көмүрдү сатып алуу статьясынан 26,2 миң сом ,жалпысы 120,2 миң сом акча каражаты төмөндөгү бөлүмдөргө жылдырылып берилсин:
- Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын 2215 (ар кандай чыгымдар) статьясына 49,6 миң сом;
- ТЖК бөлүмүнүн 2215 (ар кандай чыгымдар) статьясына 20,0 миң сом;
- Маданият бөлүмүнүн 2111 (айлык акы) статьясына 0,4 миң сом;
- Билим берүү бөлүмүнүн 2231 (электр энергиясына акы) статьясына 50,2 миң сом.
2.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын жылдырып берүү жагы
Бакай-Ата райондук каржы бөлүмүнө сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |