Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-ноябры № 2
“Мекеме-уюмдардын жетекчилеринин отчетторун угуу жөнүндө”
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отуз сегизинчи сессиясы, мектеп директору Н.Адылбекованын, почта байланыш бөлүмүнүн башчысы Г.Абдыбаеванын, №8-ҮДТ нын башкы дарыгери Д.Иманалиеванын, ИСКАКБ нын жетекчиси Т.Сатыбалдиевдин 2016-жылдагы аткарган иштери жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мектеп директору Н.Адылбекованын, почта байланыш бөлүмүнүн башчысы Г.Абдыбаеванын, №8-ҮДТ нын башкы дарыгери Д.Иманалиеванын, ИСКАКБ нын жетекчиси Т.Сатыбалдиевдин 2016-жылдагы аткарган иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2.Зордук-зомбулукка каршы, балдар арасындагы кылмыштуулукка каршы жана диний экстремизмге каршы дайыма иш жүргүзүлсүн.
3.Пенсия жана жөлөк пулдардын ар кандай түрлөрү боюнча өз убагында берилишине көңүл бурулсун.
4.Ооруган бейтаптарга жеринде барып ден соолугун текшерип туруу дарыгерлерге милдеттендирилсин.
5.Таза суунун үзгүлтүксүз берилиши колго алынсын.
6.Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |