Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-ноябры № 3
“Кичи футбол аянтчасына футбол ойноого тарифти бекитүү жөнүндө”
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отуз сегизинчи сессиясы, кичи футбол аянтчасына футбол ойноого төлөмдүн тарифин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кичи футбол аянтчасына футбол ойноо үчүн келген жарандарга төмөндөгүдөй төлөмдөрдүн тарифи бекитилсин.
А) жергиликтүү жарандарга саатына 150 сомдон;
Б) сырттан келген жарандарга саатына 400 сомдон.
2.Футбол оюнунан келип түшкөн акча каражаты 2017-жылдан тартып ТЖК бөлүмүнөн атайын айыл өкмөтүнүн каражат счету ачылып, ошол счетко түшүрүлсүн.
3.Футбол оюнун көзөмөлдөө маданият үйүнүн башчысы Б.Курманкуловго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ормотоевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |