Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-ноябры № 5
“АИД-3 долбоорунун 2-этабына “долбоорлорду тандоо” жөнүндө”
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отуз сегизинчи сессиясы, АИД-3 долбоорунун 2-этабына сунуштаган конкурстук комиссиянын чечимин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.АИД-3 долбоорунун 2-этабына төмөндөгү эки долбоор жактырылып бекитилсин.
- ири долбоорго Батырбашиев Досмамбет атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясынын №2-корпусун жанындагы эки кабаттуу имарат менен кошуп куруу, эшик алдына брусчатка төшөө, тегерегин курчоо;
- кичи долбоорго бала бакчага кошумча курулуш куруп кеңейтүү.
2.Керектүү иш кагаздары даярдалып АРИС ке жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ормотоевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Койчубаев |