Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-июну № 06
«Жайыт комитети жөнүндө»
Оро айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы каралган маселелерди талкуулап, тактап токтом кылат :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2016-жылга киреше бөлүгү 377миң 831 сом, жана чыгаша бөлүгү 377миң 831сом болуп бекитилсин.
2. Жакынкы айыл четиндеги жайыттарга трансформацияга азыркы учурга чейин берилип калганынан башка жашылдандырууга сунуш берилбесин жана жайыт жерди айдоо жерге , айлантып кыртыш бузулбасын.
3. Жайыттан айдоо жерге которулган жердин салыгы гектарына 1000(миң) сом. жөнөкөй жайыт жерлер гектарына 7сом 40тыйын болуп белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин терагасы Ж.Райымбековго жүктөлсүн.
Төрага | А. Рахманкулов |