Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-февралы № 5
“Ак-Коргон айылына бала-бакча куруу үчүн жер участок бөлүп берүү жөнүндө”
Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 6-кезектеги сессиясынын №6 протоколунун негизинде жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Таштанбеков Турарбектин Ак-Коргон айылынын балдарынын келечеги, айылдын өнүгүшү үчүн АРИС программасынын алкагында долбоорго катышып 50 орундуу бала-бакча куруу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Осмонкулов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айылынын күн чыгыш тарабындагы № 210 чойро сызыгындагы 0,40 га сугат айдоо жер участогу Осмонкулов айыл өкмөтүнүн карамагына (введение а.о.) мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) пайдаланууга берилсин.
2. Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан (М.Абдрахманов) жерге укук күбөлөндүрүүчү документ алуу жагы Осмонкулов айылдык аймагынын башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Джумаев |