Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-февралы № 4
“Талды-Булак айылындагы А.Өзүбеков атындагы спорт комплексти ижарага берүү жөнүндө»
Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 3-кезектеги сессиясынын № 3 протоколунун негизинде Талды-Булак айылындагы А.Өзүбеков атындагы спорт комплексти туура пайдалануу, келечек муундар үчүн аны сактоо, спортту өнүктүрүү максатында комплексти ижарага берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Өзүбеков атындагы спорттук комплексти 3 (үч) жыл мөөнөткө ижара Рустанбек уулу Исламга берилсин.
2. Рустанбек уулу Ислам ижара акысы үчүн комплекске чечинүүчү жай, жуунуу үчүн душ жана кичи-футбол аянтчанын жанына отургуч орнотсун.
3. Кичи-футбол аянтчасына ойноо үчүн 1 (бир) саатка 200 (эки жүз) сом болуп бекитилсин.
4. Комплексти өнүктүрүү үчүн иш-план аткарып чыксын.
5. Айлана чөйрөсүн көрктөндүрүү иштерин, тазалыкты сактоо милдеттендирилсин.
6. Рустанбек уулу Ислам менен келишимди түзүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кудайбергеновго жүктөлсүн.
Төрага | А. Джумаев |