Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 26 - 26 / 98
«Эксковатор сатып алууга макулдук берүү жөнүндө»
Кайыңды айыл аймагынын географиялык жайгашуусу тоолуу, татаал шарттуу болуп эсептелинет, айыл ичиндеги жолдор пайдаланууга жараксыз, жайыттарга кеткен жолдорду сел каптап бузулуп калган, андан тышкары сугат суу тартыш, дыйкандардын эккен эгиндерине суу жеткирүү үчүн айылдардын ирригациялык каналдары жана ички арыктар көп жылдан бери тазаланбай, сугат жерлердин аянттары кескин азайып,сугат суу коромжуга учурап жаткандьжтан айыл өкмөтүнө эксковатор сатып алуу учурдун талабы болгондугуна байланыштуу жана Кайыңды айыл аймагынын жалпы элдик жыйынын 2016-жылдын 10- октябрындагы № 17 - протоколунун негизинде айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 10- октябрындагы Кайыңды айыл аймагынын жалпы элдик жыйынын № 17 - протоколу бекитилсин.
2. Кайыңды айыл өкмөтүнө Өнүктүрүү фонддун эсебинен эксковатор сатып алууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага | З.Абдрахманов |