Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-февралы № 1
«Кара-буура айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы тууралуу»
Кара-Буура айылдык кеңеши Кара-Буура айыл өкмөтунүн башчысы А.Т.Бекболотовдун "Кара-буура аймагынын калкьн таза суу менен камсыз кылуунун абалы тууралуу" баяндамасын жана Кара-Буура айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Н.Кулманбетовдун кошумча баяндамасын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кара-Буура айыл аймагынын калкын таза суу менен жетишээрлик деңгээлде камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өзүн-озу башкаруу" мыйзамынын 18 беренесине ылайык Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынан "Кара-Буура суу каналы" Кара-Буура айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп берүү жагы суралсын .
2. Кара-Буура райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна айьл аймагындагы жашоочуларынын колдонгон таза суунун сапаты, коопсуздугу, химиялык, бактериялогоялык абалы тууралуу маалыматты айыл өкмөтүнө ай сайын берип туруусу милдеттендирилсин.
3. Таза суунун тарифтерин аныктоо Кара-Буура айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
4. Аталган токтомдун аткаруу жагын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин муниципиалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн
Төрага | Н.С.Усупбеков |