Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-февралы № 3
“Кара-Буура айыл аймагынын муниципиалдык менчиктин абалы тууралу”
Кара-Буура айылдык кеңешинин муниципиалдык менчик,айыл чарба,көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комиссиясынын төрагасы Ж.Н.Кулманбетовдун Кара-Буура айыл аймагындагы муниципиалдык менчиктин абалы тууралуу баяндамасын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл өкмөтүнө Кара-Буура айыл аймагындагы муниципиалдык менчикти аныктап-тактап инвентаризация жүргүзүү,муниципиалдык менчиктин реестрин түзүү милдеттендирилсин.
2. Кара-Буура айыл өкмөтүнүн түзүлгөн учурдан тартып жеке менчике арендага канча жер берилгендиги такталсын жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
3. Кара-Буура айл аймагынын тереториясындагы парк зонасынан турак-жай,мамлекеттик же муниципиалдык имараттарды курууга тыйуу салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көземөлдөө айылдык кеңештин муниципиалдык менчик, айыл чарба,көрктөндүрүү, жашылдандыруу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.С.Усупбеков |