Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-марты № 1
«Кара-буура айыл өкмөтүнүн 2013 –жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө»
Кара-Буура айылдык кеңеши Кара-Буура айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Э.Бейшенованын маалыматы жана бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Б.Токторалиевдин маалыматы боюнча Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2013-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2013-жылга кирешелер бөлүгү 25092,6 (жыйырма беш млн. токсон эки миң алты жуз) сом .Категориальный грант 43602,5 (кырк уч млн. алты жүз эки миң беш жүз ) сом өлчөмдө, чыгашалар бөлүгү 25092,6 (жыйырма беш млн токсон эки миң алты жүз) сом .Категориальный грант 43602,5 (кырк үч млн. алты жуз эки миң беш жүз ) сом өлчөмдө бекитилсин.
2. Жылдын аягына чейин жергиликтүү бюджеттен оңдоолор жана түзөтүүлөр, статьядан статьяга, разделден разделге которуулар Кара-Буура айылдык кеңещинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
3.Токтомдун аткаруу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Н.Бейшеновага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
5. Кара-Буура айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн тиркемеси тиркелет.
Төрага | Н.С. Усупбеков |