Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-марты № 5
Кызыл -Адыр айылынын тургундарынын жана ОсОО «Рахат» ишканасынын жетекчиси Р.Б.Мырзабаевдин кайрылуусу : Базар күндөрү Ленин көчөсүнүн жээгиндеги баш - аламандыктар боюнча маалыматтын негизинде Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Адыр айылында жайгашкан ОсОО «Рахат» ишканасынын территориясына элдин талабын, жол коопсуздугун тартипке келтируу максатында, айыл чарба продукциясы, курулуш материалдарды сатууга, базар уюштурууга уруксат берилсин.
2. Уюшулган базардын ички тартибин, тазалыгын камсыз кылуу жагы ОсОО «Рахат» ишканасынын жетекчиси Мырзабаев Рысбек Байсылдаевичке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кара-Буура айылдык кеңешинин Муниципиалдык менчик, айыл чарба жана корктөндүрүү комиссиянын торагасы Кулманбетов Жакшыбек Нарбаевичке жуктолсун .
Төрага | Н.С. Усупбеков |