Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-октябры № 4
«Мүлк жана жер салыгын Кара-Буура айыл өкмөт аймагында киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын 2008-жыл 17-октябрындагы №231 «Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамынын 3-бере-несинин 3-бөлүмүнө ылайык, айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2014 жылынын 1-январынан тартып Кара-Буура айыл өкмөт аймагында төмөнкү салык түрлөрү ишке ашырылсын:
-Мүлк салыгы;
-Жер салыгы;
2. Токтомдун 1 -болүмүндөгү көрсөтүлгөн салыктарды башкаруу, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ишке ашырылат.
3. Токтомду каттап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине нормативдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтом басма сөз кызматтарына жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун ишке ашырылышына көзөмөл жургузуу айылдык кеңештин бюджет комиссиясына жуктолсун
Төрага | Н.С. Усупбеков |