Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-октябры № 5
«Мыйзам бузуучулукту четтетүу жөнүндө».
Кара-Буура райондук прокуратурасы тарабынан көзөмөл иретинде Кыргыз Республикасында " Жол кыймылынын эрежесин " сактоо боюнча 16 сентябрь 2013-жылдагы №11/4д-13 сандуу мыйзам бузуучулукту четтетүү жөнүндө талапты аткаруу максатында Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мыйзамда көрсөтүлгөн " Жол кыймылынын эрежелеринин " 1.16.1 пунктуна ылайык " Жасалма тегиз эмес жол " Кызыл-Адыр айылынын Ч.Айтматов жана Ленин көчөсүндөгү Кожомуратов көчөсү менен кесилишкен жердегиси алынып,иретке келтирилсин.
2. МАИ кызматкерлери менен биргелешип мектеп,бала бакчалардын жанындагы көчөлөргө стандартка ылайык жасалма тегиз эмес жолдор курулсун.
3. Аталган токтомдун аткаруу жагын көземөлдөө жагын Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин Муниципалдык менчик,айыл-чарба жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.С. Усупбеков |