Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-октябры № 12
«Кара-Буура айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусундагы Кара-Буура үрөөнчүлүк чарбасы пайдаланып жүргөн 72га жер бөлүкчөсү жөнүндө”
Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын 1999-жылдын 26-октябрындагы №221 токтому менен Кара-Буура үрөөнчүлүк чарбасына кайра бөлүштүрүү фондусунун 242га сугат жер мөөнөтсүз берилип,бүгүнкү күндө аталган жерден 72га жер бөлүкчөсү калган.Аталган № 221 токтом 2012-жылдын 29-майындагы №57 сандуу Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын токтому менен күчүн жоготкон.
Кара-Буура үрөөнчүлүк чарбасы 72га ФПС тин жерин пайдаланып жүргөндүгү КР Жогорку кеңешинин 2002-жылдын 15-апрелиндеги "Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү тартиби жөнүндөгү " жана 29.06.2007-жылдагы КР Жогорку Кеңешинии токтому менен бекитилген "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу " типтүү жобосуна каршы келет.
Жогорудагылардын негизинде Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура адистештирйлген үрөөнчүлүк чарбасы пайдаланып жүргөн кайра бөлүштүрүү фондусунун 72га жер бөлүкчосүн мамлекетке кайтаруу жагы кайра каралсын.
2. "Акос" корупцияга каршы агенттигинин Талас облустунун координатору С.Бапышевдин өтүнүчү менен кайра болүштүрүү фондусунун 72га жер бөлукчөсүнүн бүгүнкү күндогү мыйзамдуулугун сот органдар аркылуу териштирүү үчүн С.Бапышевке ишеним көрсөтүлсүн
Төрага | Н.С.Усупбеков |