КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз ХVII- сессиясы
2018-жылдын 14-августу № 17/2
«Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 23.05.2018-жылдагы 14/2 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары 23.05.2018-жылдагы 14/2 токтомун карап, талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезектеги ХVII - сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Көк-Жаңгак шаарындагы Октябрь көчөсүндөгү эски котельныйдын 1652,0 кв/м жер аянтын, курулуштун жалпы пайдалануу аянты 263,4 кв/м Көк-Жаңгак шаардык мэриянын муниципалдык менчигине алынсын жана конкурс аркылуу тике сатууга уруксат берилсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
- Токтомдун көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл-чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.