Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу № 17/4
“Сарбашев Эркенбай Мамановичти Кыргыз Республикасынын «Ардак грамотасына» көрсөтүү жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары мыйзамдуулук, укук-коргоо жана этика маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 13.08.2018-жылдагы №1 протоколу жана “Элнур-Дан” ун комбинатынын 2018-жылдын 15-июлундагы № 98/1 сунушунун негизинде, “Элнур-Дан” ун комбинатынын директору Сарбашев Эркенбай Мамановичти көп жылдык үзүрлүү эмгектерин эске алып, (VII чакырылыштагы кезектеги ХVII - сессиясы)
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Элнур-Дан” ун комбинатынын директору Сарбашев Эркенбай Маманович Кыргыз Республикасынын «Ардак грамотасына» көрсөтүлсүн.
2. Бул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук-коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат, арыз боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Маткаримов |