Редакцияот 10.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылыштагы кезексиз ХVIII- сессиясы

2018-жылдын 10-сентябры № 18/1

 «2018-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетке пландан ашыкча түшүүчү каражаттарды Көк-Жаңгак шаарынын мекеме ишканаларга кайрылуу каттарынын негизинде бөлүп берүү жөнүндө»

 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаарынын мэри Т.Исмаиловдун 07.09.2018-жылдагы № 1-12/706 кайрылуу каттын карап чыгып, талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХVIII -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылдын жыйынтыгы менен күтүлүүчү пландан ашыкча аткарылуучу кирешелерди жыл ичинде пайдалануу максатында төмөндөгү салык жана салык эмес жыйымдардын бекитилген пландарына өзгөртүүлөр киргизилсин:

 «Имараттарды сатуу » – 130,0 миң сом,

 «Там арка салыгына» – 110,0 миң сом,

 «Айыл чарба эмес багытындагы жерлерди сатуу» -60,0 миң сом

Жалпысынан - 300,0 миң сомго жергиликтүү кирешелердин 2018-жылга бекитилген планы көбөйтүлсун.

2. 2018-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетке күтүлүүчү пландан ашыкча түшүүлөрдүн эсебинен: Көк-Жаңгак шаарынын 75-жылдык марекесин өткөрүү үчүн 300,0 мин сом акча каражаты Көк-Жаңгак шаардык маданият бөлүмү аркылуу 2215-беренеси бөлүнүп берилсин.

3.Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин 23.08.2018-жылдагы № 61 кайрылуу катын канаттандыруу максатында 2221-беренеден 100,0 мин сомду 2214- беренесине 50,0 мин сом жана 2231-беренесине 50,0 миң сом жылдырылып берилсин.

4.Бул токтомдун аткаруу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси Э.Караевге милдеттендирилсин.

5.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мамбетовго жүктөлсүн.

6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Б.Маткаримов