Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-сентябры № 18/2
«Көк-Жаңгак шаарынын 75-жылдык маарекесине карата Кыргыз Республикасынын ЖК төрагасынын ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары сунушталган Көк-Жаңгак шаарынын тургундарынын эмгек жолун карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХVIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын 75-жылдык маарекесине карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин төрагасынын ардак грамотасы менен сыйлоо үчүн төмөнкү эмгеги сиңирген жарандар сунушталат:
-Шарипова Аваскан Сатаровна- Көк-Жаңгак шаарынын № 4 орто мектебинин мугалими;
-Шерматов Таалайбек Эрмекбаевич- Көк-Жаңгак шаарынын тургуну;
-Ходжамбердиев Исмаилжан Кульбаевич- Көк-Жаңгак шаарынын коммуналдык менчик департаментинин жетекчиси.
2.Токтомдун аткаруу жагын өзүмө калтырам.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |