Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-сентябры № 18/4
"Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 07.09.2018ж. № 1-12/708 кайрылуу каты жөнүндө"
Көк-Жаңгак шаарындагы «Барчын» эс алуу борборундагы имараттар жана курулуштар жүргүзүлгөн инвентаризациялык актынын негизинде коммуналдык менчик департаментинин реестрине киргизүү жөнүндө шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХVIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы «Барчын» эс алуу борборундагы имараттар жана курулуштар жүргүзүлгөн инвентаризациялык актынын негизинде коммуналдык менчик департаментинин реестрине киргизилсин.
2.Бул токтомдун аткаруу жагы шаардык коммуналдык менчик департаментинин жетекчиси И.Ходжамбердиевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагын шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-ондуруш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |