КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз ХVIII - сессиясы
2018-жылдын 10-сентябры № 18/5
«07.09.2018ж. № 1-12/660 кайрылуу каты жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаарындагы Рабочий көчөсүнөн 1,5га жер аянтын шаардын жарандарына турак үй курууга уруксат берүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХVIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Көк-Жаңгак шаарындагы Рабочий көчөсүнөн 1,5га жер аянтын шаардын жарандарына турак үй курууга уруксат берилсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин экономика-өндуруш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.