КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз ХVIII - сессиясы
2018-жылдын 10-сентябры № 18/7
«Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат, арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 07.09.2018ж. №6 протоколу жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депуттары мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат, арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 07.09.2018ж. №6 протоколун карап, талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХVIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Көк-Жаңгак шаарынын вице-мэри С.Жусупованын Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын «Депутаттын жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароосу жөнүндө» 14-беренесинин, «Депутаттын мыйзамдуулуктун бузулушун жоюуну талап кылууну укугу жөнүндө» 20-беренесинин жана Кыргыз Ресупубликасынын «Балдар жөнүндө» Кодексинин «Баланын абийрин, кадыр баркын, инсандык кол тийбестигин коргоого укугунун негизги кепилдиктери жөнүндө» 16-беренесинин негизинде кызмат ордун кароо жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго тапшырылсын.
- Бул токтомду аткаруу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат, арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Усеновго жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.