Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-октябры № 19/1
«Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 28.02.2018-жылдагы 10/5 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаарык кеңештин 28.02.2018-жылдагы 10/5 токтомунун негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы борбордук базардын ичиндеги 0,29га жер аянтын инвесторлорго заманбап супер-маркет куруу үчүн конкурс жарыяланып катышуучулар катталбагандыктан, шаардык мэриянын 01.10.2018ж.№1-12/769 катын депутаттар карап чыгып талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII чакырылыштагы кезексиз ХIХ - сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы борбордук базардын ичиндеги 0,29 га жер аянтын аукцион аркылуу жеке менчике заманбап мончо комплекс куруу учун тике сатууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Көк-Жаңгак шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |