Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-октябры № 19/3
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзунун 23.08.2018-жылдагы № 104-18 каты жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзунун союзга мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII чакырылыштагы кезексиз ХIХ - сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзуна мүчө болуп кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзунун Уставына ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчөлүк төлөм төлөнүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзу менен иш алып баруу Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |