Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-июну № 45
“Кадамжай райондук өнүгүү фондуна долбоор даярдоо жөнүндө”
Халмион айыл өкмөтүнүн социалдык маселерин чечуу максатында айылдарда откорулгон коомдук угуулардын жыйынтыгында Ирилеш , Шады айылдарынын жаны конуштарын сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу көйгөйү көтөрүлгөн. Маселени чечүү үчүн Кадамжай райондук өнүгүү фондуна долбоор менен кайрылганбыз , түзүлгөн симетага негиз айыл өкмөтүнүн жана жамааттардын өздүк салымы белгиленип жетишпеген сумманы өнүгүү фондунан суралган. жогорудагы сунушту айылдык кеңеш талкуулап чечим кылат;
1. Халмион айыл өкмөтүнүн 2018-жыл ички бюджетинен Халмион айыл өкмөтүнүн Ирилеш, Шады айылдарынын жаны конуштарын сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында 22154900 статьясынан түзүлгөн сметага негиз өздүк салым катары 130500,0 сом акча каражаты менен каржылансын.
2. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Халмион айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Г. Матажиев |