Редакцияот 19.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Vl чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

2018-жылдын 19-октябры № 32

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы абалы жөнүндө"

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы боюнча айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Суу-Башы айыл өкмөтүндө“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык 2014-2020-жылдыарга карата түзүлгөн иш чаралар планынын негизинде алгылыктуу иштедин аткарылгандыгы белгиленсин.

2.Айыл өкмөтүндөгү жана мекеме ишканалардагы компьютерлердин бардыгын мамлекеттик тилде жазуу прогаммасына өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р.Артыкбаев