ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кенешинин кезексиз VII cессиясы
2016-жылдын 29-сентябры № 7/1
«Жерге-Тал айылдык кенешинин 8-июнь 2016-жылдагы № 2 сандуу токтомун жокко чыгаруу жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Депутаттардын Жерге-Тал айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа райондук прокуратурасынын «7» июль 2016-жылдагы № 03-04/78 сандуу протоколун аткарууга алуу менен Жерге-Тал айылдык кенешинин 8-июнь 2016-жылдагы № 2 сандуу протоколу жокко чыгарылсын.
2. Жер кодексинин III главасынын 30 беренесинин 2 пунктуна жана ушул эле кодекстин 13 беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-Ш токтому менен бекитилген айыл чарба жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык, Жерге-Тал айыл аймагында жашаган жергиликтүү тургундарга айыл чарба багытындагы жерлерди ижарага берүүдө жана бөлүштүрүүдө артыкчылык берилсин.
Төрага | Ө.Чодонов. |