Загрузка документа…
ОМУРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-ноябры № 102
"Жер Үй" компаниясы тарабынан айыл өкмөттөрдүн социалдык -экономикалык өнүгүүсүн жогоруулатуу боюнча берилип жаткан 12 мин,.сом акча каражатын кайсыл тармакка пайдалануу боюнча жалпы элдин оюн билүү максатында карап чыгып, талкуулап талкуулап Өмүралиев айылдык кеңештин VI чакырылышынын жыйырма биринчи кезексиз ачык кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛAT:
1. Өмүралиев айылдык аймагынын жалпы элдик чогулушунун негизинде "Жер ҮЙ" компаниясы тарабынан айыл өкмөттөрдүн социалдык - экономикалык өнүгүүсүн жогоруулатуу боюнча берилип жаткан 12 мин,.сом акча каражатын кайсыл тармакка пайдаланууга Өмүралиев айылдык аймагында жашаган жалпы элдин оюн билүүгө айыл өкмөт кызматкерлери менен бирдикте айыл тургундары кошулуп; көчөлөргө бөлүнүп, кол койдурул кыдырып маалыматтарды туура, так түшүндүрүп, маалыматтарды айылдык кеңештин кийинки кеңешмесине чогултуп берүү жагы айыл өкмөт башчысы К. Айталиевге милдеттендирилсин.
2. Өмүралиев айылдык аймагынын элинен чогултулган добушту санап чыгып, көпчүлук добушка ээ болгон проектиге чечим чыгарып берүү жагы айылдык кеңештин депутаттарына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Сагыналиев |