Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-июну № 20/3
«Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жыл башында калган атайын каражатты пайдалануу жөнүндө»
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин жыл башында калган Аруу-Тилек бала бакчанын ата-энелерден түшүүчү атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүн талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинде жыл башына калган атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 25,8 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
2. Аталган сумма "Аруу тилек" балдар бакчасына тамак-аш алууга жумшалсын.
3.Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Ж |